www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ЕАЭБ боюнча маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Алмаз Ахунжановичке кайрылып, өкмөткө төмөндөгү сөздөрүн айтууну сурады. Анда Бакыт Төрөбаев: “ЕАЭБге кирип, 4 багытка эркиндик кепилдигин алганбыз: товардын, капиталдын, кызмат кылуу жана эмгек жумушчуларынын жүрүшү. Анын ичинен 145 техникалык регламент кабыл алынган.
1-марттан баштап, 1-августка чейин 2 этап менен маркировка маселеси бүтүшү керек. Бул жөнүндө өкмөттүн иши жок, токтому жок. Маркировка боюнча 4 мамлекеттин ичинде өкмөттөрдүн ичинде өз ара келишим түзүлүп, мемарандумдарга кол коюлушу керек. 1-марттан баштап, буга чейин дагы айтылган, жеке ишкерлер кыйналышат.
Тез арада өкмөт келишим түзүп, токтом чыгырышы зарыл. Эртең биздин базарга маркировкасыз кирип башташат. Биз аларды кантип текешеребиз? Алар силердин токтомуңар жок. Биз эркин киребиз деп жатышат”,-деп айтып өкмөт ушул маселеге көңүл бурушу зарылдыгын айтты.
Эскерте кетсек, маркировка маселеси азыркы учурдун актуалдуу маселелеринин бири. Буга чейин Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдоно албай жаткандыгы айтылынып келинет.
Булак: NazarNews.kg