www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 600дөй мектеп жетишпейт

Кыргызстанда мектеп тартыштыгына байланыштуу маселени чечүү үчүн өлкө аймагында 600гө жакын мектеп салынышы керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2018-жылдын аягына чейин өлкөдө 78 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Биздин анализ боюнча, 600дөй мектеп курулса, маселе чечилет. Бул боюнча тийиштүү органдардын баарына маалымат бергенбиз.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылып, балдар коңшу айылдарда же жакын жердеги билим уяларына көчүрүлгөн. Айрым кыштактарда турак жайлар мектеп катары пайдаланылып келет. Арасында чатырда окуткандар да бар.

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда мектептер үчүн бюджеттен 16 миллиард сом бөлүнүүдө. Анын 120 миң сому окуу куралдарына жумшалса, калганы айлык акы, ремонт жана башка иштерге сарпталат - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости