www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэпортундагы борт питаниени уюштуруу боюнча өткөрүлгөн тендерден жемкордуктун изи табылып, бул факты боюнча АКС кылмыш ишин козгоду. Өздүк булактардын кабарлашынча, кылмыш ишинде башкы фигура катары аэропорттун азыркы жетекчиси Эмир Чукуев менен экс-жетекиси Албек Ибраимов катышууда. “Манастагы” бул иштер боюнча кезинде Өмүрбек Текебаев, андан кийин Рыскелди Момбеков чырылдап чыгышкан болчу. Акыр-аягы атайын кызматтар маселеге көңүл буруп, юридикалык баа берүүгө киришти.

Маалыматтарда, “Манас” аэропорту борт питаниени уюштуруу лотун Албек Ибраимовго (аялына катталган) таандык фирмадан3 эсе кымбат баада сатып алган. Тагыраагы, Ибраимовдун (Чукуевдин “крышасы”) колунда турган 5 млн долларлык терминалды аэропортко 15 млн долларга “сатып алышкан”.

АКСтин иликтөөлөрү натыйжалуу болсо Эмир Чукуев да шефи Албек Ибраимовдун жанына барып “конуп” калабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости