www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дагы 133 медикке кенемте төлөнүп берилет

Кыргызстанда дагы 133 медикке кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, министрликке кенемте төлөө боюнча жалпы 1 миң 901 документ келип түштү. "171 медикке кенемте төлөнүп берилди. Алардын 147си 200 миң сом өлчөмүндө каражат алса, 24 медкызматкер каза болуп калганына байланыштуу жакындарына 1 млн сом төлөндү", - дейт ал.

Үсөнбаев 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, дагы 133 медикке кенемте берилерин белгиледи. "Алардын ичинен 130 медкызматкер ооруп калса, үчөө каза болуп калган", - деди министрдин орун басары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости