www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү Башкы прокурору болгон. Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши Аида Жеңишбековна менен тыгыз байланыштуу. Бирок эмнегедир жазаны Атамбаев жалгыз тартып, Аида Салянова аппак куу болуп жүргөндөй. Учурда Салянова “тирилди” ал ЖМКлар аркылуу Садыр Жапаровдун Данияр Үсөнов менен биргеликте 1,5 миллиард сомду эсептен чыгарды деген эски билдирүүсү тууралуу түз эфир уюштурду.  

Эфирдин башында эле ал Садыр Жапаровдун 2012-жылдан бери интернетте жигердүү тарап келген видеолорунун бирин көрсөттү. Видеодо Садыр Жапаров 2009-жылы Аида Салянова Данияр Үсөнов менен биргеликте "Кумтөргө" 1,5 миллиард сом салыкты кечип салган деп айтып, кол коюлган жарлыкты  көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. 
 
 "Бул карандай калп! Мен өз убагында мындай сумманы эсептен чыгарган эмесмин", - деди мурдагы башкы прокурор. Бирок ал чыгарбаса ким чыгарды? Белгилей кетсек, 2009-жылы Данияр Үсөнов премьер-министр, Аида Салянова Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

"Буга 2009-жылы салык кызматы тарабынан ким жол берген? Бул органды ошол кезде достору жетектеген. 2012-жылы, Жапаров тараптан бул маалыматтар көтөрүлө баштаганда, Келдибеков экөө дос болушкан - анда эмне үчүн ал досунан бул жөнүндө сураган жок? - деди Аида Салянова. Салянованын мойнунда  бир топ иштер турганы менен ал же Атамбаевге, же башкага туура пикирин айта албай титиреп тургандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости