www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо босогосун үч пайызга чейин ылдыйлатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору 21-октябрда парламенттин жалпы кароосуна коюлат. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жыйында сүйлөп жатып парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди:
“Парламентте “жок дегенде беш пайыз” деген талкуу бар. Биз үч деп турабыз азырынча. Үч деген мыйзамды биринчи окууда комитеттен араң өткөрдүк. Эртең пленардык жыйын болот. Андан өткөрүп, анан экинчи, үчүнчү окуудан тез арада өткөрүп берсек, Борбордук шайлоо комиссиясы күтүп жатат”.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйынында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөргөн. Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүдөн тышкары беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү сунуш кылышкан.
Булак: NazarNews.kg