www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ID-карттын баасы кымбаттайт

Кыргызстанда август айынан тарта ID-карттын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

“2017-жылы санариптештирүүнүн алкагында жаңы ID-карттар (биометрикалык паспорт) бериле баштаган. Алардын жалпы көлөмү 3 миллионго жакын болчу. Анын 1,7 миллон бланкы акысыз келген. Мурда ID-карттын баасы 263 сом болчу − персонификация үчүн. Биз 1,7 миллион паспортту берип бүттүк. Эми 1,1 млн бланк калды. Алар үчүн акы алынат. Башкача айтканда 263 сомго бланктын наркын кошкондо паспорттун баасы 500 сомдун тегерегинде болот. Ал КМШ өлкөлөрдүн ичинде эң арзан деп эсептелет”, — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости