www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Иран Республикасынын улуттук күнү болуп өттү. Аталган мааракеге  Кыргызстандын жана Иран Республикасынын мартабалуу сый-коноктору катышты. Алгач салатанаттуу кечеде Иран Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба Рузбехани сөз сүйлөдү.

Бийик мартабалуу Кыргыз Республикасынын  мамлекет кызматкерлери, ардактуу элчилер жана дипломаттар, асыл жердештерим, урматтуу коноктор жана мырзалар:

Иран Ислам төңкөрүшүнүн жеңишинин 39 жылдык мааракесин Сиздердин араңыздарда өткөзүп жатканыма сыймыктанам. Иран Ислам Республикасынын эли жана өкмөтү үчүн эң бирмаанилүү деңгээлдеги аземде,сиздерди, ардактуу меймандар, элчиликте кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз.

Бул улуу күн Иран улуту үчүн, жарым кылымга тете болгон көптөгөн саясий туткундардын, шейиттердин, өз өмүрүн аябай деспотко жана зомбулука каршы тургандарды эскерүү күнү болуп эсептелет.

Мындан 39 жыл мурун, 22-бахман 1357-жылы (11-февраль 1979-жылы) Ислам төңкөрүшүнүн жеңиши менен, миңдеген жылдык тарыхка ээ байыркы Иран өлкөсү, өз доорунун жаңы барагын ачты, демократия режими Иран элинин добушу жана чечкиндүү кадамы менен, акыйкат Ислам дининин баалулуктарына таянуу аркылуу Ирандагы авторитардык, мураскерлик башкаруу алмашылды.

Иран мамлекети  39 жыл аралыгында өз мүмкүнчүлүгүнө, талантына жана көз карандысыз саясатына таянуу аркылуу, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөзүп бийик жетишкендиктерге кол сунду. Бүгүнкү күндө Иран Ислам Республикасынын режими сырткы душмандардын тоскоолдуктарына карабай, элдин колдоосуна татып жана бакубат жашоо, коомдун саламаттыгын жана илимий өнүгүү программаларын аткарууга өбөлгө болуп, дүйнөдөгү бирден бир алдыңкы, динамикалык түрдө өсүп бара жаткан коопсуз жана туруктуу мамлекетке айланды.

Чындыгында төңкөрүштөн кийин Иран Ислам Республикасынын саясат алып баруусуу, өлкөнүн бардык тармактарындагы алдыга жылуу, өзгөчө илимий жана техникалык тармактардын өнүгүүсү байкалды. Иран Ислам Республикасы бул саясатты жүзөөгө ашыруу алкагында илимий жана өнөр жай тармагындагы, айрыкча нанотехнология, генетика, клондоштуруу, аба жана коргонуу өнөр- жай, ядорлук энергия, медицина илими жана IT жаатында жергиликтүү технологияларды пайдаланып, дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бирине айланып баратат. Чет элдик ар кандай оорудагы бейтаптардык абылалуу жана сакайтуу,ошондой эле клеткалардын түзүлүш илимин изилдөөгө мүмкүнчүлүктүн жаралышы, бөйрөк алмаштырууда эң алдыңкы мамлекеттердин ичинде орун алуусу жана көз ооруларын айыктыруу мүмкүнчүлүгү өлкөнүн регионалдык медициналык туризм уюлуна айланышынын негизги себептеринин бири.

Урматтуу меймандар!

Азыркы учурда Иран Ислам Республикасынын тышкы саясаттарынын негизги тармагы болуп аймактагы жана дүйнөдөгү экстремизм жана терроризм менен реалдуу күрөшүү болуп саналат. Ирак, Сирия эли жана өкмөтү акыркы алты жылдан бери мындай топтор менен, өзгөчө ДАИШ менен чечкиндүү күрөшүп маанилүү жеңиштерге жетишти. Биз үчүн маанилүү жагдай болуп бул тарыхый күрөштө аталган эки боордош жана дос элдин жанында түрткүү болуу эсептелет.

Иран Ислам Республикасынын ишеними боюнча, кандай гана болбосун жогоруда аталган террористик топ (ДАИШ)кыйроонун туңгуюгуна камалды. Бирок ДАИШ террордук уюму жана ушул сыяктуу топтор өзүнүн ыпылас иштерин улантууда жана акыркы учурларда өзүнүн террористик каналын Афганистан жана Орто Азия чөлкөмүндө активдештирүүнү көздөөдө. Ушул себептен улам мындай зомбулуктуу көрүнүшкө бардык өлкөлөрдүн ич ара кызматташтыгында каршы туруу лаазым.

Иран Ислам Республикасы бардык мамлекеттердеги туруктуулукту, тынчтык жана бейпилдикти, өз тагдырынан ыктоо укугу улуттун эрки менен аткарылышын талап кылып келет. Ошондуктан эзилген Йемен элине кол салуунун улануусу жана бул өлкөнүн карапайым элине каршы ырайымсыз аба чабуулдарынын, ошондой эле кеңири жайылган согуш кылмыштарынын болушу, ал менен бирге Палестинаны оккупациялоонунулануусу,Бириккен Улуттар Уюмунун токтомуна каршы Ыйык Куддус шаарын Америка өкмөтү тарабынан Сионистер режиминин борбору катары таанылышы, бул ачыктан-ачык мусулмандарды жана Ислам өлкөлөрүн душман катары жарыялоо, ошондой эле экстремизм жана терроризмге мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп эсептелет.

Ардактуу катышуучулар, Айымдар жана Мырзалар

Иран Ислам Республикасы эң алгачкылардан болупКыргыз Республикасын эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары тааныган, ал менен катар эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштар түзүлгөн. Биз өткөн жылы эки мамлекет ортосундагы расмий дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгиледик. 25 жылич инде эки өлкө ар дайым жакшы жана тууганчыл карым катнаш кылып келген. Бактыга жараша, акыркы беш жылдын ичинде эки өлкөнүн карым катнашында бир топ өсүүлөр байкалып жатат. 2013-жылкы улуу урматтуу Хасан Рухани Иран Ислам Республикасынын президентинин Бишкеке болгон иш сапары, 2015-жылкы улуу урматтуу Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын ошол учурдагы президентинин Тегеранга болгон сапары, ошондой эле 2016-жылкы улуу урматтуу Хасан Руханинин Бишкеке болгон экинчи иш сапары мамлекет башчылардын эки өлкөнүн ортосундагы карым катнаштын өнүгүү жана тереңдешине болгон эркин далил деп турат.

Өткөн жылы Кыргызстанда жана Иранда ийгиликтүү өткөн президенттик шайлоонун күбөсү боло алдык. Учурдан пайдаланып дагы бир ирет улуу урматтуу Сооронбай Жээнбеков мырза, Кыргыз Республикасынын президентине, бүтүндөй кыргыз элине жана өкмөтүнө өз урматымды билдирип кетмекчимин. Улуу Урматтуу Сооронбай Жээнбеков мырзанын президенттик мөөнөтүнүн учурунда кызматташуунун бардык тармактарында, өзгөчө экономика жаатында эки өлкө ортосундагы карым катнаштардын өнүгүүсүнүн күбөсү болобуз деген терең ишеничим бар.

Ошондой эле өткөн жылы бир катар маанилүү иш сапарлар, атай кетсек Кыргыз Республикасынын парламентинин ошол учурдагы төрагасы улуу урматтуу Чыныбай Турсунбековдун, Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министири улуу урматтуу Эрлан Абдылдаевдын Иранга болгон сапарлары жана Иран Ислам Республикасынын Тышкы Иштер Министири улуу урматтуу Зариф мырза жана Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министири Доктор Хаше мимырзанын Кыргызстанга болгон жоопту иш сапарлары, ошол менен бирге эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү максатындагы ар кайсыл мамлекет деңгээлиндеги көптөгөн иш сапарлар болуп өттү. Мындан тышкары, эки мамлекет ортосунда ар кандай тармактагы эл аралык жана аймактык маселелер боюнча байланыштар жана сүйлөшүүлөр аткарылып турду, бул жагынан алып караганда, өз ара бирибирине колдоо көрсөтүү менен катар, аймакта жана дүйнөдө тынчтык жана коопсуздуктун бекемдешине көмөк көрсөттү.

Кыргыз бийлигинин Иран бийлиги менен катар эки өлкөнүн карым катнашынын туруктуу кеңейишине жана тереңдешине кылган аракети жогорку урмат сыйга тете жана ушуга байланыштуу өзүмдүн атыман дагы бир ирет кыргыз тарабына колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирмекчимин, деди элчи.

Сөзүнүн соңунда кыргыз тилинде жалпы конокторго куттуктоо сөзүн айтты.

Мааркенин жүрүшүнүндө ТИМдин орун басары сөз сүйлөп эки мамлекеттин ортосундагы алакага токтолуп, Иран Ислам төңкөрүшүнүн жеңишинин 39 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости