www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, сот жообуна тартылган Кылмышкер Аида Саляновага өкүм окулуп, ал шаардык соттон күчүнө кирди. Бирок, жаза анын наристе кызы 14 жашка чыкканда жаза өтөп баштайт.

Аялдар колониясында сот жообуна тартылып, бирок эмчекте, курсакта, жашы жете элек наристелери болсо дагы Саляновага берилген жеңилдикти колдоно албаган 114 аял отурат. Андан тышкары колонияда төрөп көз жаргандар бар.

Аида Салянова өчүм же кегим жок, болгону суроомо жооп алгым келет.

Эмне үчүн Аида Саляновадай эле кызы  баласы, кош бойлуу 114 аялга балдары чоңойгондо жазасын аткарсын деген гумандуу өкүм берилген эмес?

Эмне үчүн андай гумандуу өкүмдөрдү башкаларга колдонсо болбойт?

Салянова менен ал аялдардын кандай айырмачылыгы бар жана өзгөчөлүгү эмнеде?

Эмне үчүн бизде байлыгына, кызматына карап сот өкүмү чыгат?

Эмнеге Кыргызстанда бардык адамдардын укуктары бирдей эмес?

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз сотторго, адилетсиз чечимдерге аралашам дедиңиз. Ушул маселени өзүңүз карап баа беришиңизди өтүнөм. 

Абакта жаткан жаш балалуу энелерге жеңилдик берилсин же Аида Салянова алар сыяктуу жазалансын.

Данияр Саалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости