www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Сирияга кеткендер катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.ШИИБдин кызматкерлери диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, салттуу ислам менен ислам фундаментализминин айырмачылыктарын жергиликтүү элге жеткирүү максатында Ош шаарынын аймагында жолугушууларды ѳткѳрүүнү улантууда. Бул пландуу иш-чарага Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймактык ѳкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери чоң жардам кѳрсѳтүп жатат.

Ош ШИИБдин 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамкомиссиянын ѳкүлү И. Мырзабеков, Ош ШИИБдин ардагерлер кеңешинин тѳрагасы К.Жолдошов учурдагы кырдаал, терроризм менен экстремизмдин келип чыгышы, дин тарыхы, интернеттин пайдасы менен зыяны, диний агымдардын жаралуу себептери, алардын түпкү максаттары тууралуу кеңири түшүнүк беришти.

Ош шаарынан Ирак жана Сирияга кеткендердин көп агымы 2011-2013-жылдарга туура келет.

Булак: ca-irnews.com

Последние новости