www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аялдардын саны 3 млн 200 миңди түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына таянсак, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда канча аял жашай тургандыгы боюнча статистика түзгөн.
Өлкө калкынын 50,4 пайызы аялдар.
«Аялдардын 65%ы айыл жергесинде турушат. Ошол эле учурда ар бешинчи аял Жалал-Абад облусунда же Ош облусунда турса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.
2018-жылга карата эмгек курагындагы аялдардын ичинен 48%ы иштеген. Алардын орточо жаш курагы 38 жашты түзөт. Аялдардын көпчүлүгү саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана, ресторан жана соода тармагында иштешет.
2018-жылы 50 миңге жакын аял киши турмуш курган. Негизинен кыздар 18-25 жашында күйөөгө тийишет», – деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg