www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай вирусунан каза болгондордун саны 3500гө жакындады

Ухань шаарында жайылган коронавирус Кытайдын 3070 жаранынын өмүрүн алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо уюму жарыялады.

Маалыматка караганда,  Кытайда 7-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 651 адам жабыркаса, 3070 адам каза болду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 102 миң 169 адам жабыркап жатса, каза болгондордун саны 3491ге жетти. Ал эми айыккандардын саны 57 миң 376 адамды түзөт.

Коронавирустун экинчи очогу делинген Түштүк Кореяда 6 миң 767 адам жабыркап, 44 жаран көз жумду. Италияда жуктуруп алгандар - 4 636, каза болгондор - 197, ал эми Иранда жуктургандар - 4 747, каза болгондор - 124.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Жарыялагандан 3 ай өтпөй, коронавирус дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнө жайылды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости