www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Круиздик кемелердин Эгей деңизиндеги портторунан Айдындагы Кушадасы порту сезонунун биринчи кемесин тосуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Мальта байрактуу Celestyal Crystal кемеси көпчүлүк учурда АКШ жана британиялык 675 жүргүнчүсү менен Кушадасынын Ege Ports портуна якорь таштады. Жүргүнчүлөр порттун ичинде текшерүү жери жана термалдык камералардан өтүп шаарга кирди.

Ege Portтун башкы директору Азиз Гүнгөр  кеме каттамы программасынын негизинде 2020 – жылы Кушадасы портуна 300дөн ашуун круиздик кеме жана 350 миң туристтин келишин күтүп жатышкандарын, бул сандын дагы да өсүшү мүмкүн экендигин айтты.

Гүнгөр : «Коронавирустан кээ бир кеме фирмаларынын Кушадасы жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз портторуна багыт алгандыгын көрүүдөбүз. 2020 – жылы күтүлгөндөн дагы көп кеме, жүргүнчү санына жетишебиз. Бул эпидемия кыска убакытта жок болуп, туризм кыймылдарын чектеген элемент болуудан чыгат»,- деди.

Эске сала кетсек, Италияда жаңы типтеги коронавирус бар деп шектелген круиздик кеме карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости