www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 6-мартта Сокулук районундагы Степное айылында жайгашкан аялдар абагында Сулуулар сынагы болуп өттү. Бул тууралу NazarNews.kgге КР ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Жаз сулуусу" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болуп КР Жаза кодексинин 104-беренеси менен узак мөөнөткө соттолгон Кундуз аттуу кыз табылды. Ал буга чейин да эки жыл катары менен ушул эле түрмөнүн эң сулуусу деп аталып, эки сынакты жеңип чыккан. Кундуз дагы абакта 5 жыл олтуруш керек.

Сулуулар сынагына абактын төрт бөлүмүнөн кыз-келиндер катышкан. Алар ыр окуудан, тамашалуу оюн аткарып, кыргыз ырчыларынын ырларын ырдашып, өз колдору менен тиккен көйнөктөрү менен атаандашышкан.

Натыйжада Кундуз жеңүүчү болуп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости