www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус 1 200дөн ашык баладан аныкталды

Кыргызстанда сентябрь айына карата статистика боюнча 14 жашка чейинки 1254 баладан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 28-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирус аныкталган балдардын 123ү бир жашка чейинкилер. «Бир жаштан алты жашка чейинки балдар 434тү, 6-14 жаштагылар 697ни түздү. Былтыр пневмонияга 1568 бала чалдыккан болсо, быйыл бул көрсөткүч аз».

Ибраева мультисистемалык оору же Кавасаки синдромуна кабылган балдарды аныктоо үчүн протокол иштелип чыгып, рецензиялоо баскычында экенин кошумчалады. Кавасакиге байланыштуу статистика боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

Кыргызстан боюнча балдарды дарылоо үчүн беш балдар стационары даярдалды. Аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө да орундар даярдалганы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, пандемия башталган март айынан бери өлкөдө коронавирустан 1 064 киши каза тапты. Вирусту 46 355 киши жугузуп алды. Учурда 700 бейтап стационарда, 1 520 киши үй шартында дарыланууда. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости