www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда балдарга СOVID-19 илдети жуккан учурлар көбөйдү

Иранда кийинки күндөрү балдарга СOVID-19 илдети жуккан учурлар көп каттала баштады. Баш калаа Тегерандагы «Али Аскар» балдар ооруканасынын дарыгери Голамреза Бейзайияндын айтымында, коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Бул боюнча Иран өкмөтү азырынча так көрсөткүчтөрдү жарыялай элек. Айрым ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп жатышканын окуу жайларынын директорлору кабарлашты.

Өлкөдө бул илдеттен каза болгондор 25 миңден ашты.

Ал эми жалпы дүйнөдө коронавирус бир миллиондон ашык бейтаптын өмүрүн алып, ооруну 32,5 миллиондон көп киши жугузуп алды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери белгилегендей, кийинки жылдын алгачкы жарым жылында коопсуз жана натыйжалуу вакцина баарына жеткиликтүү болмоюнча пандемияны көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, Ирандын президенти Хасан Роухани 26-сентябрда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында провинциялардын жетекчилерине кырдаал курчуп баратса карантин киргизүү укугун ыйгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости