www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу максатында санитардык көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жарандык коргоо штабынын кезексиз жыйыны болуп өткөн. Ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, күч түзүмдөрү, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаарындагы өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен илдетти алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу табышталды.

"Эми шаарда күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүрөт. Бардык жарандарды коомдук жайларда бет кап тагынып, антисептик колдонууга чакырабыз. Зарылчылык болбосо массалык иш-чараларга барбай турсаңыздар бизге чоң жардам. Атайын штабдын өкүлдөрү бардык аймактардагы мекеме-ишканаларды, коомдук жайларды текшерет. Ош шаарындагы бардык базарлар ар дүйшөмбү сайын дезинфекция үчүн жабылат. Жарандардан карантиндик эрежени сактоону суранабыз", — деди Турдуев.

Ошондой эле Штабдын мүчөлөрү карантиндик эрежелерди сактабагандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости