www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 46 500дөн ашты

Кыргызстанда 29-сентябрга карата COVID-19 илдети дагы 167 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусу биринчи орунда.

Баткенде 55 кишиден, Ош облусунда 38, Жалал-Абад облусунда 31, Чүй облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында беш, Нарын дубанында эки, Таласта бир кишиден вирус табылды.

Бир күн аралыгында өлүм катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түздү.

Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда.

Ал эми марттан бери илдет жугузуп алгандар 46522 кишиге жетти. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды.

Статистика акыркы күндөрдө вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости