www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө азык-түлүктүн айрым түрлөрү кымбаттады

Кыргызстандын базарларында жана дүкөндөрүндө азык-түлүктүн айрым түрлөрү кымбаттап жатат. Экономика министрлигинин 17-24-сентябрдагы баалар боюнча анализинин жыйынтыгына караганда, көпчүлүк аймактарда кумшекер жана өсүмдүк майы көбүрөөк кымбаттаганы байкалды.

Кумшекердин бир килограммынын орточо баасы бир жумада эки сомдон сегиз сомго чейин жогорулады. Бишкекте кумшекердин бир килограммы 45-48 сомго жетип, апта ичинде беш сомго, ал эми пияздын бир килограммы 3-5 сомго кымбаттады.

Таласта төө буурчак дээрлик беш сомго арзандады. Мисалы, килограммы 75 сомдон сатылып жаткан болсо, 24-сентябрда 70 сомго түштү.

Ал эми эт 10-20 сомго кымбаттаганын адистер Өзбекстанга жана Тажикстанга эт экспортунун көлөмү көбөйгөнү менен байланыштырып жатышат.

Соңку күндөрү Кыргызстанда доллардын да курсу жогорулап жатканы байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости