www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө 22 миңден ашык дарыгер бул оору менен ооруп жатат.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев: "Бизде коронавирус жуктурган дарыгерлер 79 болуп жатат. Алар бейтаптарды дарылап жатканда, же элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда жугузуп алышкан болушу мүмкүн. Медицина кызматкерлеринин ооруну кайдан,кантип жуктуруп алгандыгы дыккат иликтенет",-деп жооп берди.
Ал эми кечирим сураган дарыгер боюнча суроо берилип, ага өкүл: "Аларга кысым көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Алардын жумуштагы кайсы бир кемчилилик тууралуу айтса аны кечирим суратуу туура эмес",-дейт Үсөнбаев.
Мындан сырткары, Ала-Букадагы окуя боюнча "Ала-Бука районунда беш медициналык кызматкер жуктуруп алгандан кийин Бишкектеги тийиштүү кызматтан 3 адисти түштүккө жөнөттүк. Алар дарыгерлер кандай шартта ооруну жуктуруп алышканын тастыктоо аракеттерин көрүп жатышат.
Медицина кызматкерлерине компенсация маселеси бизди да түйшөлтөт. Очокторго иштеп жаткан дарыгерлерге берилет дегенбиз, мунун баары нормативдик актыларга карата жүрөт",-дейт ал.
Булак: NazarNews.kg