www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бангладеште өлкөнүн биринчи президенти Мужибур Рахманды өлтүрдү деп айыпталган экс-армиянын офицери Абдул Маджедди өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маджед 1998-жылы чыгарылган өкүмдү окугандан кийин дарга асылган. Сөөгү ошол замат үй-бүлөөсүнө жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Маджед премьер-министр Шейх Хасина Вазедге кечирим сурап кайрылган. Бирок, 10-апрелде анын өтүнүчү четке кагылган.
1998-жылы президенттин өлүмүнө катышкан 10го жакын офицер өлүм жазасына кесилишкен. 2009-жылы алардын бешөө дарга асылып, экөө акталып чыккан. Калгандары өлкөдөн сыртка качып кетишкен. Качып кеткендердин арасында, 24 жыл издөөдө жүргөн Маджед ушул жылдын март айында вирус илдети күчөп турган кезде Бангладешке кайтып келгени белгилүү болду.
Эске сала кетсек, Пакистандын биринчи президенти Рахман 1975-жылы 15-августта Даккадагы резиденциясында жубайы, үч уулу, башка туугандары жана үй-бүлөнүн жакын туугандары (болжол менен 20 адам) менен өлтүрүлгөн. Ошол учурда Германияда жүргөн эки кызы гана тирүү калган, алардын арасында учурдагы премьер-министр Шейх Хасина да бар.
Булак: NazarNews.kg