www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын бешөөнүн абалы оорлошуп, реанимацияда жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки адам өтө оор абалда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.
Ал эми аймактар боюнча алганда Ноокат райондук ооруканасында экөө, Ош облустук клиникалык ооруканасында экөө, Жалал-Абад облустук ооруканасында бирөө жатат.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды.
Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2.
Коронавирус жуктургандардын экөөсү сырттан келгендер, үчөө ички контактка баргандар.
Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 116га жетти.
Булак: NazarNews.kg