www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетинен кыйналгандар тууралуу 19 жаштагы Улуу Британияда медайымдык кесипти аркалаган Люси Хатчингс айтып берген. Анын айтымында бул дарттан жабыркагандардын саны күн сайын күчөп жаткандыгына байланыштуу карантин жакын арада бүтөөрүнөн үмүтүн үзгөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Кыз илдеттин акыркы стадиясынан жабыр тарткан 60-90 жаштагы  бейтаптарды кабыл алган Саутгемптондогу ооруканада иштейт.

“Айрымдарынын көзүнөн алардын жаны кыйналып жатканын көрүүгө болот. Алар өздөрүнүн абалы жакшы экендигин айтышканы менен чындыгында андай эмес”,-дейт ал.

Хатчингc бейтаптардын кыйналгандарын көрүү өтө оор экендигин белгилеп: “Мен абдан коркуп жатам. Менин оюмча келечекте мындан да жаман болот. Бул башталышы гана”,-деп боолголойт. Медайым ооруканада индивидуалдык коргонуучу каражаттар жетишпегендигин жана бейтаптардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын айтып даттанган.

Хатчингс анын кесиптештери болуп жаткан окуялардан канчалык коркуп, санаа тартып жатышса да өз ишин улантып жатышкандыгын жана оорукана кызматкерлерине мындан ары жаш бейтаптар келе тургандыгын эскертишкендигин айтып жаны кейиген.

Мындан сырткары 19 жаштагы кыз өзүн-өзү изоляцияга албагандарды жоопкерчиликсиз, акмактыкка дал келген жорук деп атаган. Ал ушул тапта үйдө болгусу келгени менен кесиби ага жол бербестигин, эпидемия бул тамаша эместигин айтып, адамдарды бийлик койгон  эрежелерди так сактоого чакырган.

Эске сала кетсек, коронавирус илдети ааламдагы 180ден ашык мамлекетке тарап, 2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып, 42 миң 139 бейтап каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости