www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер кош бойлуу аялдар коронавируска шектелип калса, Бишкектеги №2 төрөт үйүнө жаткырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда маалымдады.

"Башка кош бойлуулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратпоо үчүн атайын палаталар имараттын башка жагында жайгашкан. Ага өзүнчө эшиктен киришет. Обсервациядагылар үчүн өзүнчө санитардык аймак каралган", - деди Акматова.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта Кыргызстанда 26 адамдан коронавирусту аныкталганы маалым болгон. Айнура Акматованын айтымында, алардын 16сы Сауд Арабиясынан умрадан келишкен болсо, калган 12си алар менен байланышта болгондор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости