www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиянын премьер-министри Борис Джонсон көчөгө чыгууга 3 жума чектөө киргизилгендигин жана 2ден ашык кишинин чогу жүрүүсүнө тыюу салынгандыгын билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, Британиянын жашоочуларына жүйөөлүү себептер менен гана сыртка чыгууга уруксат берилет:

*зарыл болгон товарларды сатып алуу үчүн – болушунча сейрек,

*таза абада спорттук көнүгүүлөрдү жасоого – күнүнө бир жолу,

*медициналык себептерден же башкаларга жардам берүү үчүн,

*үйдө иштөөгө мүмкүн болбогон жумуштарга барууга гана жол берилет.

Мындан башка себептер менен үйдөн чыгууга тыюу салынат.

Карантин маалында дүкөндөрдүн, ресторандардын жана көңүл ачуучу жайлардын көбү жабык болот.

Буга чейин Италия, Испания жана Франция өңдүү Европанын бир нече өлкөсүндө да жалпы улуттук карантин киргизилген.

Ошондой эле, эрежелерге баш ийбеген жарандарга акчалай айып салынаары кошумчаланды.

Акыры маалыматтар боюнча Улуу Британияда коронавирус жуктургандардын саны 6650 адамга жетип, 335 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости