www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өттү. Анда депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү кол койгон жарлыктар кабыл алынды.
Депутат Элвира Сурабалдиева коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылын билдирип, бирок, орто жолдо суроолор көп экенин айтты.
Дарыканаларда бир да бет кап жок экенин баса белгилеп, ун өндүрүүчү ишканаларга эмне үчүн 800 млн сом бөлүнүп жатканын сурады. Ошондой эле, обсервациядагы адамдардын шартын жана канча күн ошол жакта болоору тууралуу так түшүндүрүү иштери жүрбөй жатканын кошумчалады.
“Айтып кетчү нерсе, эмнеге Чүй проспектиси менен фучика көчөсүнүн кечилишиндеги кыргыз-түрк заңгыраган ооруканабыз бош турат? 2016-жылы ушунчалык пафос менен ачтык элек, миллион доллар кеткен. Эмне үчүн аны обсервация катары колдонбойбуз?”,-деди депутат Элвира Сурабалдиева.
Булак: NazarNews.kg