www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-мартта Казакстандын Айша-Биби посту менен Таластын Чоң капка постунун чек арасынын казак тарабында турган кыргыздар бийликке Кайрылуу жасады.
Алардын айтымында, бүгүн казак бийлиги жүк ташуучу унааларды токтотту. Маалым болгондой, чек ара 15-апарелге чейин убактылуу жабылды.
“Биздин унааларда Кыргызстанга керектүү товарлар бар. Алардын ичинде, ун, кант, чай жана башка керектүү азык-түлүктөр бар. Казак бийлиги “товарларды таштап, жеңил унаа менен өтө бергиле” деп жатат. Товарларды каяка таштайбыз?... Эгер ушунча жүк кирбей калса, силер базарга барып туруп, “бир кап ун 2 миң болуп кетти, эмне үчүн бааны түшүрбөй жатасыңар” дейсиңер. Эй урматтуу өкмөттүн өкүлдөрү бул ун 3 миңге барат. Анткени, Кыргызстанда буудай өндүрүмдөрү өндүрүлбөйт. Мындай учурда Казакстандын бийлиги менен тил табышып, ушул маселени чечип берүүнү суранабыз”,-деп айтылат кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg