www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшерүү үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар “Азаттык” радиосуна кабарлаган.
Ал ишкер жана меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат.
Долбоорду коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн илдетке каршы республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте жүргүзөт.
Анын алкагында жакынкы күндөрү “Бонецкий” диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адистер чакырылат.
Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюу үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшерүү үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуу керек.
Бул демилгени ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдууларды сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алуу үчүн которгон.
Буга байланыштуу демилгелүү топ ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырууда.
Булак: NazarNews.kg