www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта жеке ишкер Маматжан Анарбаев учурда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү максатында күн-түн дебей көчөлөрдө кызматын өтөп жатышкан милиция кызматкерлеринин коопсуздугун ойлоп,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көп жолу колдонуучу 500 000 даана бет кап тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жеке ишкер милиция кызматкерлерине ары түйшүктүү, ары татаал ишти аркалап, күн-түн дебей калкттын коопсуздугу үчүн кызматын өтөп, мекенине кызмат кылып жүргөнүнө ар дайым ыраазы экендигин билдирип, ден соолуктары бекем болушун каалап өттү.

Өз кезегинде ички иштер министрлиги жеке ишкерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости