www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү.

Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын санынын өсүшү алдын алуу чараларын көрүү боюнча канааттандыралык эмес иштердин натыйжасы болуп саналаарын өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн, биринчи кезекте, өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

«Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча төрт жолу жыйынга чогулду. Иштин негизги багыттары тыкыр аныкталган. Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин чечимдери ишке ашырылбай, керектүү натыйжага жетишилбей жатканын көрүп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Коронавирус жуктуруп алгандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштерди координациялоо республикалык дагы, жергиликтүү деңгээлде дагы канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды. Ошондой эле медиктерди жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштер сынга алынды.

«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

Мындан тышкары, коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык ыкчам штабдын башчысы — биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, коронавирус инфекциясынын жайылышынын өлкөнүн экономикалык кырдаалына таасирин азайтуу жаатында чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын жетекчиси — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баяндама жасашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости