www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея COVID-19 вирусун жуктургандардын экинчи толкунун тосуп ала албай жатат. Ооруну жуктургандар 20-февралда 31ге көбөйүп жалпысынан 82ге (азыркы учурда 9 583 кишиге жукса, 152 киши каза болгон) жеткен. Ошону менен бирге акыркы эки күндө илдеттен жабыркагандардын дээрлик баары бир эле Тэгу шаарында жана анын тегерегинде катталып, ал шаар “түштүк кореялык Ухань” деген наамга ээ болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда 18-февралда "31-номердеги бейтапка" чейин дарттан жабыркаган башка бейтаптар айыгып  жатышкан. Бирок  61 жаштагы Тэгу шаарынын “31-номердеги бейтабы”  ошол шаардагы илдеттин жайылышына өтө чоң көлөмдө таасир берген. Эки күндүн ичинде дартты жуктурган 51 кишинин 48и Тэгу шаарынан чыккан. Тактап айтканда, бул шаар Кореядагы COVID-2019дун ири очогуна айланган.

Мамлекеттин бийлиги, айрыкча Тэгу шаарынын бийлиги инфекциянын таралышынын алдын алууга аракет кылганы менен андан майнап чыкпай жатат.

“31-номердеги бейтап”  “супер таратуучу” болгон көрүнөт. Анткени “31-номердеги бейтап” наамына ээ болгон 61 жаштагы аялдан илдетти 48 кишиден ашууну оору жуктуруп, айрыкча ал барып жүргөн чиркөөдөгүлөргө өтө көп санда жуккан.

Дарыгерлер Тэгу шаарындагы ооруну  жуктурушу мүмкүн делген 1633 кишини обсервацияга алышкан.

Албетте, “31-номердеги бейтап” кескин сындарга туш болгон. Белгилүү болгондой анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгү анда бар болгону менен ал эки ирет баш тартып коюп, натыйжада илдет көптөгөн адамдарга жугушуна шарт түзгөн.

Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери февралдын башында жол кырсыгына учурап, дарыланууга жаткан аялдын дене табы 38, 8 градуска көтөрүлүп кеткен аялды көрүшкөн. 61 жаштагы ал аялга дарыгерлер башка бейтапканага барып, коронавируска анализ тапшырууну сунушташканда ал чет элге чыкпагандыгын  жүйөө кылып, баш тартып койгон. Ошол тапта дарыгерлер ооруга шектелгендерди мажбурлап анализ тапшыртууга укугу жок болчу.

Натыйжада корей аял чиркөөгө, ресторандарга жана мейманканаларга барып жүргөн. Кийин аны менен байланышкан элүү кишиден илдет аныкталып, жуктургандардын үчөөсү Сеулдан келгендиги такталган.   

Корей серепчилери бийлик инфекциянын алдын ала албай калуу коркунучу жогору экендигине кооптонушуп жатышат.

Эске сала кетсек, бул окуя 2020-жылдын февраль айынын ортосунда болуп өткөн. Эскертип жазып жатканыбызга себеп Кыргызстандагы азыркы кырдаал болду. "31-номердеги бейтап” менен болгон окуя бизде кайталанбаш үчүн мекендештерибизди жоопкерчиликтүү болууга, 6 миллион болгон улуттун ден соолугун сактоого чакырабыз.

2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:
Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 11 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости