www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус SARS-CoV-2 пневмониясынын экинчи толкуну ушул күздө болушу толук ыктымал, бирок, АКШ буга даяр болот. Бул тууралуу Аллергия жана жугуштуу оорулардын Улуттук инститтутунун директору Энтони Фауки президент Дональд Трамп менен биргелешкен жыйында билдирди.

“Ал мезгилде вирус менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот”,-деп Фаучи баса белгиледи.

Анын айтымында, ал мезгилге чейин вирусту аныктоо жана көзөмөлдөө технологиялары мындан да жакшыртылат. Ошондой эле, вакцина дагы даяр болушу толук ыктымал. Учурда аны иштеп чыгуу иши жүрүп жатат.

“Мен мындай болбойт деп үмүттөнөм, бирок биз сөзсүз даярбыз”,-деп АКШнын башчысы басма сөз жыйынында коронавирустун жаңы толкуну келиши мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

Буга чейин Трамп өлкөдө коронавирустан каза болгондор жогорку чегине эки жуманын ичинде жетет деп божомолдогон. Анын айтымында, кырдаалдын мүмкүн болуучу өнүгүү моделдери муну айгинелейт. Ал инфекциядан 200 миңден аз адам каза болсо, бул жакшы көрсөткүч экенин кошумчалаган.

Учурда АКШда коронавирус жуктургандардын саны 164,5 миңге жетти. 3,1 миң адам каза болду, 5,8 миң адам айыкты. Өлкө илдетке чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү ашып өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости