www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишин алдын алуу жана элди азык-түлүк менен камсыздоо жаатында көрүлө турган чаралар талкууланды.

Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы көп болуп жатканын баса белгилеген.

"Атайын уруксат кагаздарын берүү, блокпостторго атайын жабдуу орнотууда, блокпосттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоодо маселелер бар", - деген президент.

Мындан тышкары, коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык ыкчам штабдын башчысы — биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, коронавирус инфекциясынын жайылышынын өлкөнүн экономикалык кырдаалына таасирин азайтуу жаатында чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын жетекчиси — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баяндама жасашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости