www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Анын маалыматы боюнча, ооругандардын жалпы саны – 12 адам. Жаӊы очоктор Баткенде 1, жана Сузакта 5 аныкталды. Бейтаптар изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Кыргызстанда коронаиврус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.
Булак: NazarNews.kg