www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктурган эркек тукумсуз болуп калабы?

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктуруп, кийин сакайып кеткен экректер тукумсуз болуп калабы? Бул суроого орусиялык адистер башкача айтканда урологдор менен вирусологдор жооп берди.

Адистер COVID-19 вирусун изилдеп жатып, анын эркектин тукум улоо системасына кандай таасир этерине кызыгышкан. Изилдөө жүргүзүп жатып окумуштуулар коронавирус козгогон пневмонияга кабылган эркектер оорунун акыркы стадиясында гана жумуртка клеткалары жабыркай турганын билишет.

Изилдөөчү Дмитрий Еникеевдин айтымында, 2003-жылы ошол эле Кытайдан чыккан SARS вирусунун дагы кесепеттери дал ушундай болгон.

"Анда окумуштуулар иликтеп көрүп, оору тукум улоо системасына акыркы стадиясында гана таасир этерин аныкташкан. Бирок анда дагы вирус өзү менен андан пайда болгон оору, башка өнөкөт илдеттер менен аралашып кеткендеги абал себеп болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен", — деди уролог.

Мунун менен катар башка адистер айрым вирустар чындап эле эркектерди тукумсуз кылып коюу жөндөмү бар экенин айтат. Мисалы, эпидемиялык паротит (эл арасында свинка деп айтылат — ред.) өтүшүп кеткен учурда тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экени кошумчаланды.

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости