www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирус, 3 ай аралыгында эле 150дөн ашык мамлекетке жайылып кетти. 

Маалыматка караганда, акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 коронавирусун дагы 8 миңдей киши жуктурду. Бирок алардын көбү Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.

Бүгүнкү күндө Италияда вирустан өлгөндөрдүн жалпы саны Кытайдын көрсөткүчүнөн да ашып кетти.

Италияда бир күндө коронавирустан 627 адам каза болду. Бул бир күндө каза болгон адамдардын эң жогорку көрсөткүчү.

19-мартта бул өлкөдө коронавирустан 427 адам көз жумган болсо, 20-мартта 627 адам каза болуп, жалпы саны 4032 адамга жетти. 

Италиянын Жарандык коргоо кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө 47 021 адам коронавирус жуктурган.

Ал эми Кытайда вирустан 24 саат ичинде  41 киши көз жуумп, каза болгондордун саны 3255ге жетти. Илдетти 81 008 адам жуктурса, 71700 адам оорудан айыккан.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 8-мартында Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эксперттик комиссиясынын башчысы Чжун Наньшан: "Коронавирус оорусу дүйнө жүзүнө июнь айына чейин жайылганын токтотот. Коронавирус менен каршы күрөшүүдө басым экспортко түрткү бериши ыктымал”, - деген Чжун Наньшань.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости