www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көзөмөл постунда дарыгер, милиция жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушат. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, мындай чара аймакта жугуштуу илдет жайылып кетпеш үчүн көрүлүүдө. Ошондуктан Балыкчы-Бишкек жана Балыкчы-Нарын жолдорунан өткөн адамдарды текшерип, коронавирустун белгиси бар адамдарды аныктап турмакчы. Мындан сырткары Каракол-Бишкек жана Балыкчы-Нарын каттамындагы таксилердин саны кыскартылды.
Ошондой эле облус аймагындагы азык-түлүк базарларынан башка базарлар убактылуу жабылды.
Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети менен Кыргызстанда ооругандардын жалпы саны – 12 адамга жетти.
Акыркы маалматка таянсак, дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.
Булак: NazarNews.kg