www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Москвадан, Түркиядан жана башка чет өлкөдөн келген  жарандардан коронавирустун белгилери жок болсо баары үйдүк шартка алынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, келген жарандар текшерилип, эгер вирустун белгилери табылбаса үйдүк шартка алынат. Аларды жөн эле үй шартына алып койбостон тыкыр көзөмөлгө алынып, үйүнөн көчөгө, башка айылга же шаарга чыгууга тыюу салынат.

Ал эми, текшерүүдө вирустун кандайдыр бир белгилери болсо, 14 күнгө карантинге алынат дагы, анализи таза чыкса үй шарты жиберилет.

Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости