www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү май саткан 40тай бекет жабылды

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу май саткан 40тан ашык бекет жабылды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” ырастады. Мунун алдында бир катар басылмалар Бишкек-Ош жолунда жайгашкан бир нече май куюучу бекеттердин жабылып турган сүрөттөрүн жарыялаган.

“Интернетке маалымат чыккандан кийин журналисттер бизге чалып жатышты. Биз компаниялардан эмне болуп жатканын сурасак, жалпы 40тай бекет жабылыптыр. Алар биздин уюмга мүчө эмес, бирден-экиден жай ачып иштегендер. Чоң компаниялар майда компанияларга бензин менен дизелди сатпай калды. Себеби өзүбүздө запас болуп турсун деп кармап жатат. Ошол себептүү майда компаниялар жабылууда. Алар Орусиядан кымбат алып келип, бул жакта сатканда киреше таба албай калышты”, - дейт Канат Эшатов.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсүнүн бир литри 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизель отуну 51,66 сомдон сатылууда.

20-октябрда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу баяндамасын караган учурда күйүүчү-майлоочу май маселеси да талкууланган. Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев дүйнөлүк рынокто мунай кымбаттап, Орусияда бензин менен дизель отуну кымбатыраак сатылып жатканын, натыйжада Кыргызстанга да кымбат келгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости