www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деги «карала вирустун» канча түрү бар...

А дегенде SARS-CoV-2 деп башталып, планетанын дээрлик аймагын дүрбөлөңгө салды. Жүз миңдеген адамдын өмүрүн алып кетти бул илдет. Экономика менен социалдык тармакка болуп көрбөгөндөй залалын тийгизди.

Чыны менен эле не бир түрү чыкпады. Индиялык, бразилиялык, дельта  жана башка түрлөрү айтылат. Бүгүн РИА Новости маалымат булагы - Орусияда AY.4.2 аттуу жаңы штамм мамлекеттин айрым бир жерлеринде пайда болуп жатканын адам ооруларын жаңы метод менен аныктоочу илимий группанын эпидиемиологу Камиль Хафизовдун билдиргенин жазып чыкты.

Хафизов бул жаңы шттаммдын бир эле Орусияда эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө дагы жайылышы мүмкүн деп кошумчалайт. Ал эми Британиянын саламаттык сактоо министри Саджид Джавид AY.4.2 жаңы штаммы анын «дельта» жана башка түрлөрүнө салыштырмалуу 10-15 эсе жугуштуу деген пикирин билдирди.

Эки жылга жакын убакыттан бери бирде басаңдап, бирде күчөп, улам бир жаңы түрү пайда болуп жаткан бул «инфекция» тууралуу мындан бир жыл мурун Кытай офицери «бул атайы ойлонуп даярдалып чыгарылып аткан бактериологиялык курал сыяктуу илдет» дегени эске келет, аргазыздан. Кудай сакта!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости