www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биз Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», - дейт шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы штаб менен бирдикте 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону таза, адилеттүү, мыйзамдуу жана ачык-айкын өткөрүүгө бардык күчүн жумшайт.
«Биз 30 жыл бою административдик ресурсту колдонуу, добуштарды массалык түрдө сатып алуу жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо сыяктуу шайлоо иштерин коштогон тенденцияны жок кылышыбыз керек», - деди ал. Штабдын төрагасы азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам реакция кылуу координациялык тобу түзүлгөнүн да айтат.
«Ошентип, учурда талапкерлер тарабынан шайлоо процессин бузууга байланыштуу 5-6 кайрылуу түштү. Мисалы, Нарын облусунда талапкерлердин бири жолго шагыл төшөгөн, Кадамжай районунда талапкер мектеп окуучуларын жаңы мектеп формасы менен камсыздаган», - деп кошумчалады ал. Жыйынтыгында Иманкулов талапкерлер меценаттык ишмердүүлүк менен шайлоо процесси жүрүп жаткан учурда эмес, башка убакта алектениши керектигин эске салды.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан 28-ноябрга белгиленген ЖК депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү үчүн шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg