www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия прокуратурасы мурдагы президент Михаил Саакашвили өлкөгө кантип келгени тууралуу маалымат таратты. Анда - Саакашвили Украинанын Черноморск шаарынан Грузиянын Поти деген портуна "Вильнюс" деген паром менен келгени айтылат. Кеме портто токтогондо, "ичинен сүт азыктарын ташыган чоң машине чыккан". Маалыматка ылайык, Саакашвили дал ошол автоунаанын ичинде жашырынган. Прокуратура бул маалыматты Саакашвилинин телефонундагы маалыматтар дагы ырастаганын билдирет.

Мурдагы президентке "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айып тагылды. Ошондой эле, бул окуяга байланыштуу машиненин айдоочусу жана Поти портунун эки кызматкери камалды.

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келгенин жарыялагандан көп өтпөй камалган. Мурдагы президент дароо ачкачылык жарыялаган. Ал эми анын миңдеген тарапташтары баш калаа Тбилисиде нааразылык акциясына чыккан. 2004-2013-жылдары Грузиянын башкарып турган Саакашвили 2018-жылы эки иш боюнча жалпысынан тогуз жылга сыртынан кесилген. 53 жаштагы саясатчы өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости