www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, 10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат.

Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити 3-сентябрда Чолпон-Атада белгиленген.

Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыздоо максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы. Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат.

Мындан тышкары ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз-эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын дагы бир ирээт эскертти. 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак миңдеген ок-дарысы менен кошо жоголгону белгилүү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости