www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Грузиянын НАТОго кошулушуна байланыштуу коркутуучу кагылышуу чыгышы мүмкүн экенин айтып, бул абалдын кыйратуучу жыйынтыктарга себепчи болоорун жана мунун эмнеге керектүү деп эсептелгендигине түшүнбөгөндөрүн билдирди.
Медведев радио программасына берген маалыматында, Осетиядагы 2008-жылкы согушту алдын ала болтурбай коюуга мүмкүн болгонун жактады.
Министр Медведев: «Грузиянын НАТОго кирүүсү да коркунучтуу кагылышуу жаратышы мүмкүн жана бул да кыйратуучу жыйынтыктарды алып келет. Мунун эмне себептен керектүү экенин түшүнбөй жатабыз»,-деп айтты.
Орусиянын президенти Владимир Путин да буга чейин НАТОнун Грузия менен Украинаны кошуп кеңейишин өтө терс баамдай тургандарын айткан эле.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирүүсүндө, НАТОго мүчө бардык өлкөлөрдүн Грузияны мүчөлүккө даярдаш үчүн иш аракеттерин уланта тургандарын белгилеген болчу.
Бир тараптан НАТОго мүчө Латвия, Литва жана Польшанын тышкы иштер министрлери жолугушууларды өткөрүү үчүн Грузиянын борбор шаары Тбилисиге барышат.
Булак: "trt.net.tr"