www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстага жасаган иш сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду. Алардын ичинде Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен Түркиянын “Маариф” Фондунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол колган.
Бул Меморандум Фонддун Кыргызстандын аймагында билим берүү мекемелерин ачууну жана кыргыз өкмөтүнүн аларды ачууга шарт түзүп берүүнү өзүнө камтыйт.
Маселен, Меморандумдун 1-беренесинде “Бул Меморандум Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Түркиянын “Маариф” Фондунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өлкөнүн аймагында билим берүү мекемелерин ачуу боюнча кызматташуу максатында түзүлдү. Кызматташуунун толук мазмуну биргеликте иштешүүнүн жүрүшүндө аныкталат” деп айтылат.
Ошондой эле, Меморандум “Маариф” Фондунун ишмердиги боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү карайт.
Булак: NazarNews.kg