www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген чет өлкөлүктөрдүн пикирин алды.
Испаниядан келген Хари “Мен мындай көрүнүш болоорун элестеткен эмесмин. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты” десе, Крис Лоло “Мен эмне айтаарымды билбей турамын. Анткени, даярдыктар өтө жакшы экен”, деди NazarNews.kg агенттигине курган учкай маегинде.
- Менин атым Кетрин. Жолдошум экөөбүз Кыргызстанга атайын Көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Бельгиядан келдик. Кыргыз эли меймандос калк экен. Мага абдан жакты. Баарынан дагы улуттук оюндардан “Көкбөрү” оюнуна кызыктым. Кыргызстандын жаратылышын айта турган болсом – сөз жок. Укмуш! Жаратылышы жомоктогудай экен. Мисалы, Бельгияда боз үйдү көргөм, ал музейде турат, акча төлөп киребиз, бирок жасалгасы мынчалык эмес. Бул жактагы боз үйлөрдү көрүп оозум ачылды. Жасалгасы укмуш экен. Кыргызстан мага өтө өзгөчө көрүнүп турат”, - деди Кетрин.
Ушул тапта Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары кызуу өтүп жатат. Аталган оюнга 43 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчулар катышууда.
Булак: NazarNews.kg