www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өнөктүктүн алкагында билим берүү мекемелериндеги материалдык-техникалык база, мектептин имараты, кадрлар базасынын жана китептин жетиштүүлүгү, мугалимдердин квалификациялык деңгээли, окуучулардын билим сапаты текшерилет. Бул үчүн өлкөдөгү мамлекеттик мектептердин жетекчилери тиешелүү документтерди Билим берүү жана илим министрлигинин атайын электрондук дарегине жөнөтүшөт. Аккредитациянын жыйынтыгына жараша министрлик мектептерде кандай кыйынчылыктар бар экенин аныктап, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылат. Мектептеги жыйынтыктар начар чыкса мектеп директорлорун кызматтан алуу өңдүү да чаралар көрүлөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы жонунан 2 миң 236 мектеп болсо, бул аккредитациядан мамлекеттики болуп эсептелген 1958 мектеп өтүшү керек. Министрлик кабарлагандай, жыл башынан бери Бишкек шаары менен Чүй облусундагы мектептердин дээрлик көбү аккредитациядан өтүп бүтүп калды.
Маалым болгондой, буга чейин жеке менчик жана лицей-гимназиялар аттестациядан өтүп келишкен. 2017-жылдын июнь айындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, аттестация аккредитация болуп өзгөртүлүп, андан мамлекеттик мектептерди да өткөрүү милдеттендирилген. Аккредитациядан өтүү мекемеге бир топ жактан авантаж алып келет. Азыр АКШда мугалим даярдаган 1300гө жакын программа бар жана ал программалардын 1000ге жакыны АКШда эң маанилүү болгон Улуттук мугалимдерди акредитациялоо өкүлчүлүгү (NCATE-The National Council for Accreditation of Teacher Education) аркылуу акредитацияланган.
Эске салсак, аккредитация эми беш жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.
Булак: NazarNews.kg