www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй:Урматтуу кыргыз элинин башчысы Сооронбай Шарипович. Сиз шайлоонун алдында жана шайлоодон кийин «негизги менин максаттарым коруппция менен күрөшүү» деп билдиргенсиз. Эгерде Сиздин коррупция менсн күрөшүү жөнүндөгү максаттарыңыз  анык болсо анда төмөндөгү кайрылуума көңүл буруп коюңузду өтүнөмүн.

Аксы райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Улугай Зиябекованын райондук Билим Бүрүү тармагында жүргүзүп жаткан иштериндеги коррупциялык элементтер боюнча Башкы прокуратурага кайрылганмын. Менин арызым боюнча Жалал-Абад областынын прокуратурасы 21.12.17-ж. 1 1/1-198-17 сандуу билдирүү менен «Аксы районунун Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы У. Зыябекованын жана билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын  КЖКнын 304-ст, 306-ст, кылмыштын курамы боюнча кылмыш иши козголду» деп билдирген. Арийне, Аксы райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы  У.Зыябекованын мыйзамсыз иш аракеттерин, азркы КР Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбергенова эмнегедир көрсө да, укса да билбегени биздин бийликтин кадырын кетирип жатат. Мен сыяктуу жөнөкөй адамдардын тагдыры улам кыйындап, мамлекетибизде мындай терс жана аша чапкан энбаш көрүнүштөрдүн  аягы качан токтоору азырынча биз сыяктууларга жана келечек муунга тунгуюк болуп жатканы ошол эле кезде мамлекетибиздин мыйзамдарын  кээ бир адамдар топтошуп алып өз кызыкчылыктарына пайдаланып жаткандай сезим улам жылдан-жылга күч алып жаткандай таасир калтырууда, деги биздин мамлекет мен сыяктууларды мыйзам коргойбу?

Бирок, коррупционер Аксы районунун Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова кайсы бир кызыкчылыгы бар кызмат адамдарын калканыч кылып, мыйзам боюнча тийиштүү жазаланбай, ээлеген кызматында эч нерсени сезбегендей абалда олтурат.

Эгерде Сиз тараптан мага жетиштүү деңгээлде жардам болбосо мамлекеттин органдары карга-карганын көзүн чокубайт символу менен бири-биринин кылмыш аракеттерин жашырып, мага окшогон  карапайым эң жөнөкөй айыл адамынын укуктарын тепселеп  тепселеп бизди шылдыңга алып, мыйзамдарды  жана карапайым калктын кызыкчылыгы үчүн эмес оздөрүнүн кызыкчылыгына  пайдаланып,  коомчулукка каршы кылмыш жасаган  адамдардын санын көбөйтө берерине ишенемин.

Ушул көрсөтүлгөндөргө терең маани берип менин укуктарымды коргоого салымыңызды кошуп, кайрылуу боюнча тийиштүү чара көрүп берүүнү суранамын. Алдын ала Сизге  ырахматымды айтамын.

Кайрылуу ээси Айнура Абдималикова

Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу 

Байланыш: 0779 96 04 80

Булак: NazarNews.kg

Последние новости