www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча Мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарланды.

Маалыматка ылайык, «Дарылоо иши» адистиги боюнча 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш» - 10 орун.

Ош мамлекеттик университетинде 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар: «Эпидемиология» - 30 орун, «Инфекциялык оорулар» - 22 орун, «Микробиология» - 30 орун жана «Реаниматология» - 26 орун. 

Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү: «Пульмонология» - 35 орун, «Тез медициналык жардам» - 12 орун жана «Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости