www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Приморье аймагында өзүн "кара сыйкырчы" деп атаган жигит мурунку классташын үч каалоо үчүн "жанын шайтанга сатууга" көндүрдү. Бул тууралуу РБКга шилтеме берип, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Натыйжада кыз 93 миң рубль суммасындагы баалуу буюмдарынан айрылган. Жабырлануучунун апасы полицияга кайрылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 16 жаштагы кызды "сыйкырчынмын" деп ишендирген бала анын көптөн берки таанышы экенин аныкташты.  "Жанын шайтанга сатуу" жабырлануучуга 6 миң рублга бааланган. Салтанатка материалдарды сатып алууга 5 миң, "кара сыйкырчы" иши үчүн 1 миң рубль. Кийинчерээк, жаш жигит башка күчтөр менен келишим түзгөндөр алтын зер буюмдарын кийбеши керектигин айтып чыккан.

Кыз алдамчы менен ломбардга барып, зергер буюмдарын күрөөгө коюп, түшкөн акчаны шеригине берген.

Кийинчерээк жабырлануучу ага дагы бир смартфон жана ноутбук берүүгө аргасыз болгон. Жигит баардык диалогдорду өз колу менен жок кылуу керек деп ишендирди. Алдамчы баланын колуна электроника түшкөндөн кийин, кыз менен байланышты үзүп, жок болуп кеткен. Кыздын үй-бүлөсү "сыйкырчы" менен байланышуудан келтирилген зыянды болжол менен 93 миң рубль деп эсептешкен.

Полиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Алдамчылыкты мойнуна алган 18 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости